Өмүрбек Израилов
"Дарак ыры" тарыхый кино-дастанында башкы каармандын ролун аткарды.
Каарманыбыз Өмүрбек Израилов 1995-жылы Талас областынын Манас районунун Чоң-Капка айылында жарык дүйнөгө келген. Учурда Кыргыз улуттук академиялык драма театрында иштеп келет. Израиловго "Дарак ыры" кино дастаны тууралуу суроо салганыбызда, бизге төмөнкүлөрдү айтып берди.
"Керээз" пьесасы
Бала чагымдан бери актёр болууну самачым. Мен үчүн кинодо же сахнада ырдап чыгуу маанилүү болчу. Бишкеке 2011-жылы филармонияга келсем эшиги жабык экен. Байкелерим айтып калды, театрда театралдык окуу жай бар. Ошол жака барып көр деп. Документтеримди чогултуп, Кыргыз мамлекеттик академиялык драма театрынын театр окуу жайына келип тапшырдым. Негизи мага үйдөн, өтсөң окуйсуң өтпөсөң айылда каласың деген шарт коюлган. Андыктан болгон күчүмдү жумшап, аракеттин аркасы менен окууга өтүп калдым. Агайым Марат Козукеевдин кол алдында 4 жыл окудум. Андан кийин Темирлан Сманбеков агайым экөөбү театрга кабыл алышып, 4 жылдан бери бул жайда иштеп келе жатам.
Тартылган тасмалары:
"Чак түштө түшкөн чагылган" сериалында экинчи пландагы каармандын Байсалдын образы. "Махабат" мелодрамасында Азаматтын ролун ойногон.
Кыска метраждуу фильм "Камбарканда" Камбаркандын образын жараткан.
"Дарак ыры" тарыхый кино дастанында башкы каармандын ролун ойногон.

Кастинг 2 айга созулду...
Жайкы күндөр болчу. Иш көп учур. Интернеттеги социалдык баракчаларга "Дарак ырына" актёрлорду тандоого кастинг жүрүп жаткандыгы тууралуу жарнактар чыкты. Башында күлгөм. Анткени, кастингтин талабы боюнча, ырдай билген актерлор, ойной билген каскадёрлор жана актердук чеберчилиги бар ырчылар деген талаптары бар болчу. Ушундай кантип болмок эле деп күлүп койгом.
Бизде актёрлор боюнча Нурсунай деген ассистент кыз бар. Ошол чакырып калды. Барсам Айбек Дайырбеков өзү кабыл алды. Режиссёр мага башкы каарман Эсендин сөзүнүн текстин берди, көрөлү аткарып көр деп. Актриса кыздар келген экен, алар менен ролду ойноп көрдүм. Ошентип кастинг 2 айга созулду. Актриса таппай кыйналышты. Акырында Казакстандан Салтанат Бакаева келди.
Кастинг маалында аны менен чогуу ролдорду ойногон жокмун. Театрдын иштерине байланыштуу колум бошобой жүрдү. Бакаева менен башка актёрлор каармандардын ролдорун аткарышты. Июль айынын аягында Айбек байке телефон чалып, кастингктен өттүң. Келишим кагазына кол кой деп калды. Өтөм деп ойлогон деле эмесмин. Анткени буга чейин көп эле кинолордун кастингтерине катышып, жыйынтыгында өтпөй калдың, биз башка актёрду алдык деген жоопту укчумун.
"Дарак ыры" тасмасына тартылуу оор болду...
Оор учурлар көп эле болду. Деңиз деңгээлинен 2500 метр бийиктикте жүрдүк. Ролду аткарууда күрөшкөн учурлар болду. Бийиктикте дем алуу кыйынчылыкты жаратып, аба жетпегендей болуп жатты. Анын үстүнө тасмадагы каршылашымдын салмагы менден бир топ эсе оор болчу. Аны менен күрөшүш кыйынга турду. Тасмада Өгүздүн ролун аткарган Жылдызбек Касеинов байке мени камчы менен сабаган жери бар. Мага соккудан коргогуч кийим кийгизишкен. Бирок ал томпойуп чыгып калды. Камчы тийгенде так-так деген дабыш да чыгып жатты. Соккуну сезген жокмун. Эгер актёр соккуну сезбесе, анда көрөрмандар үчүн калп болуп калат деп, коргогуч кийимди чечип салдым. Башында ойлогом, бир дубль менен бүтүрөм деп. Бирок иш жүзүндө андай болгон жок. 5-6 дублга созулуп, камчыга аябай эле сабалдым. Эпизод бүткөндөн кийин карасам, жонумдун эти айрылып кетиптир. Мындай сценалар көп эле болду. Айбек байкенин айтымы боюнча, тасмада Эсен сабалып эле жүрөт экен (күлүп).
"Театрда роль жаратуу татаал иш. Айта турган оюңду адамдарга жеткирүү аябай эле оор. Мюзикл жанрында тартылган "Дарак ыры" киносунда башкы каармандын образын ойноо да мен ойлогондой эмес, оор экен. Бир гана нерсеси адамдын сөз менен айта албай турганын ыр менен жеткирип берүү жеңил болду"- Өмүрбек Израилов.
Улак тартуу кыйынчылык жаратты
Тасмада көк бөрү тартуу аябай эле кыйын болду. Улакчы жездем бар. Андан кеңеш сурадым. Ат чабуунун сырларын айтты. Аттан кулаган учурду каскадёр аткарды. Ал эми улак тартууда өзүм катыштым. Кыйыны, камера алдында улак тартуу болду. Анткени бир эле учурда улак тартып, ошол эле маалда камеранын алдында да ойнош керек эле.
Айбек Дайырбеков, «Дарак ыры» тарыхый кино-дастандын режиссёру.
Режиссёр менен келишпестик болгон жок...
Негизи тасма тартууда актёр менен режиссёрдун ортосунда келишпестиктер көп эле болуп кетет. Андай учурларга өзүм да күбө болуп келгем. Бирок "Дарак ырын" тартууда андай деле көп болгон жок. Айбек байкенин оюн анын жарым сөзүнөн түшүнүп жаттык. Мен үйдө кичүүсүмүн, театрда да эң кенжеси болом. Тасма тарткан топтун арасында да мен эң кичүү болгондуктан көп эле эркеледим. Анын баарын Айбек байке көтөрдү (күлүп).
Казакстандык актриса Салтанат Бакаева
Башкы ролдордун бирин аткарган Салтанат Бакаева тасмадагы образды мыкты чагылдырды.
10 жылдай болуп калыптыр актрисалык кесипти аркалап келе жатканына.
Режиссёрдун талабын жогорку деңгээлде аткарып, өзүнүн чеберчилигин көрсөтө алды.
Кошумчалай кетсек, мюзикл жанрында тартылган тасма кыргыз киносунда биринчи жолу жаралды. Болгондо да, тарыхый кино-дастан. "Дарак ырында" адам менен жаратылыштын байланышы жана сүйүү даңазаланат. XVIII-кылымда болгон окуянын негизинде тартылган тасманын премьерасы 1-мартка белгиленген.
This site was made on Tilda — a website builder that helps to create a website without any code
Create a website